Депутат Алмазбек Акматов:- "Бишкек – Нарын – Торугарт автожолун курууда үнөмдөлгөн каражатка кошумча жолдор салынат"

25-12-2019 14:55

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолун курууда үнөмдөлгөн каражат Нарын областынын Ак – Талаа, Жалал – Абад областынын Тогуз – Торо райондоруна баруучу чоң жолдун боюндагы Нарын районунун Жерге – Тал айыл аймагы аркылуу өткөн жолдун курулушуна жумшалат. Бул боюнча тиешелүү банктар менен макулдашууларга жетишилди, - дейт депутат Алмазбек Акматов бүгүн, 25 - декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Жалпысынан, курула турган 23 чакырымдык жол Кызыл – Жылдыз, Жаңы – Талап,  Жалгыз – Терек айылдарын камтыйт, - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында элет жерлерин интернет менен камсыздап, уюлдук телефондордун сапаттуу тартуусуна жетишүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын да депутат өз баяндамасында тизмектеп берди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 529

Окшош жаңылыктар