Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 25.12.19.

25-12-2019
09:01

Бүгүн, 25 – декабрда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору болсо экинчи окууда талкууланат. “Нотариат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда талданмакчы.  

ЖЭБге жагыла турган көмүрлөрдүн сапатына кылдат тандоо жүргүзүлүш керек. Анткени, көмүрдүн гүлдүк, шлактык түрлөрү болот. “Башкасын билбейм, бирок Казакстан көмүрлөрүнөн зыяндуу ыш чыгат”, - деген депутат Марлен Маматалиев, - “ЖЭБдеги түтүн чыгуучу морлоруна эл аралык стандарттагы чыпкалагычтарды коюу керек. Ушул эле талаптар жуунучу жайлар менен өнөр жайларга да тиешелүү”, - дейт.

                   СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ  

Абанын тазалыгын камсыздоодо К - 4, К - 5 эл аралык стандарттагы күйүүчү майларга толугу менен өтүү керек деген сунуш депутат Асылбек Жээнбеков тарабынан көтөрүлдү.

                   СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

Депутат Абылкайыр Узакбаев токтом долбоорундагы Бишкектин чеке-белиндеги жаңы конуштардын көмүр жагуудан электр кубатына өтүүсүн камсыз кылуу үчүн 700 кВаттык жеңилдикти 1000 кВатка көтөрүү маселесин кубаттайт.

                  СНХ.А.УЗАКБАЕВ

Депутат Мирлан Бакиров жогорку дарылык касиетке ээ, анзур тоо пияздар түркүмүнө кирүүчү Авлетим пиязы же согон жапайы пиязы мыйзамсыз казылып, чет өлкөлөргө тонналап ташылып жатат деген маалыматты тактоо жагын тармактык комитетке жолдогон.

                 СНХ.М.БАКИРОВ

Март айынын үчүнчү ишембисин «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоо жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом долбоору даярдалды. Бул боюнча демилгечи  депутат Айнуру Алтыбаева.

                СНХ.А.АЛТЫБАЕВА  

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25 – декабрда кар жаабайт. Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот, тоолуу райондордо кар күрткүсү орун алат. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температарусы Чүй:-2...+3, Талас:-3...+2, Ысык – Көл:-4...+1 градус жылыйт. Ош, Жалал – Абад, Баткен:0...+5 градус жылуу болот. Нарын:-5...-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25 – декабрда жаан – чачын күтүлбөйт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1...+3 градус жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...