Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат Ирина Карамушкина (КСДП фракциясы) салтанаттуу ант берди

12-10-2016 09:56

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 12-октябрда өтүп жаткан жыйынында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келген Карамушкина Ирина Юрьевна салтанаттуу ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Ирина Карамушкинаны депутат болуп келиши менен куттуктап, анын эл өкүлдүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Депутат Ирина Карамушкина жакында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна келди.

Эске салсак, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзам талабына ылайык, жаӊы депутат Жогорку Кеӊеште ант берген кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 490

Окшош жаңылыктар