Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.12.19.

23-12-2019
09:11

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүн, 23 – декабрдагы жыйынындаКыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо Өкмөт тарабынан демилгеленүүдө. Андан тышкары ратификациялык бир топ мыйзам долбоорлору да талдоодон өтөт.

Жылыга эле чек арадагы чыр бүтпөй келет. Андыктан, демаркация - делимитация боюнча өкмөттөр аралык комиссияга жер-шартын жакшы билген, элдин сый-урматына ээ болгон адамдарды сунуштоо зарылдыгын депутат Төрөбай Зулпукаров айтып чыкты.

                            СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ  

КР Чек ара кызматын тобокелчилик топтолуп кеткен регионго көчүрүп барбаса болбой калды, - деген пикирин ортого салган депутат Улан Примов, - Баткендеги чек ара айылдарындагылар тынчсызданбай жашоосу керек, - деди.

                             СНХ.У.ПРИМОВ

Бишкекти тегиз каптаган түтүн түгөнбөгөн темага айланды. Ушул маселе утур – утур айтылып жатса да жыйынтык байкалбай олтургандыгын депутат Марлен Маматалиев белгилеп, Өкмөт тарабынан реакция болбой жатканын сынга алды.

                            СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ  

Депутат Бактыбек Турусбеков аталган теманы улай, өлкөдөгү экологиялык абал, абанын булгануу деңгээли боюнча көйгөй көтөрүлсө да шаар бийлигинин “былк” этпегендигине эмне себеп? – дейт.

                            СНХ.Б.ТУРУСБЕКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23 – декабрда Ысык – Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк, Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -3...-8, Нарын: -5...-10 градус суук болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад: -3…+2 градус жылуу болот. Ысык - Көл: -4...+1 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 23 - декабрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -4...-6 градус суук болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...