Ата - энеси ажырашкан балдар жалпы жарандык паспорт алууда анчалык деле татаалдыктарга кабылышпайт

20-12-2019 13:47

Бүгүн, 20 – декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.Мамашева, А.Алтыбаева, Г. Асылбаева, Д.Исаева, А.Исмаилова, И.Карамушкина, А.  Касымалиева, А.Кодуранова, М.Мавлянова, Г.  Молдобекова, Ж.Мусабекова, Н.Никитенко, А.Осмонова, К. Орозова, Г. Самат, А.Самигуллина, Е.Строкова, Э. Сурабалдиева, А. Аскарова тарабынан демилгеленүүдө.

Парламенттик угууда демилгечилердин атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Евгения Строкова бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Эл өкүлү өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, - “2018-жылы өлкөдө 49579 нике жана 10434 ажырашуу катталган. Ошентип расмий катталгандардын ичинен ар бир 4-5 нике бузулуп жатат. Мында никелери расмий түрдө катталбаган адамдардын үй-бүлөлүк мамилелери токтотулган учурларынын саны жөнүндө маалымат дээрлик жокко эсе. Соңку 3 жылда ажырашуунун саны улам өсүү тенденциясына ээ болууда, ошонун кесепетинен барган сайын жашы жетпеген балдардын ата-энелердин биринде калып жаткандыгы көбөйүүдө. Мындан тышкары, ата-энелеринин биринин миграцияда жүрүшү баланын ансыз да оор материалдык абалын курчутууда”, - деди.

Ушул мыйзам долбоору жашы жете элек баланы багуу үчүн жетиштүү алименттерди туруктуу төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды карайт, бул алиментти толук өлчөмдө ала албай жаткан балдардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору менен курагына ылайык балага жашап туруу минимумуна ылайык ата-эненин иштеп тапканына же башка кирешесине карата үлүштүк деңгээлде өндүрүп алынуучу алименттин төмөнкү өлчөмү белгиленген. Маселен 7 жаштан 14 жаш курактагы бир балага алименттин өлчөмү ата-эненин иштеп тапканынын төрттөн бир бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок мында 4143,44 сом жашап туруу минимумунун жарымысынан аз болбоосу керек. Эгерде үлүштөрдө өндүрүп алуу баланын кызыкчылыгын бузса, туруктуу бекем акчалай суммасында алиментти өндүрүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Ошентип орточо эмгек акы же андан жогору өлчөмдө кирешеси бар ак ниет эмес ата-эненин, маселен алиментин өлчөмү бир балага 1250 сомду түзүшү үчүн 5000 сомду көрсөтүү менен эмгек акысы жөнүндө маалымкат берүүгө стимулу жоголот.

Мындан тышкары, алименттик макулдашуу же алиментти төлөө боюнча сот актысы боюнча системалуу түрдө (2 же андан көп жолу) билип туруп аткарбай коюуну же толук эмес өлчөмдө аткарууну билдирген “алимент төлөөдөн кара ниеттик качуу” түшүнүгү белгиленген, ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык төлөбөгөндөрдү (четтөө гана эмес, ошондой эле толук өлчөмдө төлөөдөн баш тарткандарды)жоопкерчиликке тартуунун негиздери такталган.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы 831 алимент төлөбөгөндөр издөөдө жүрөт. Кыргыз Республикасынын аймагынан бала сырткары убактылуу чыгып жаткан (дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, дем алууга ж.б.у.) маселе боюнча талаш-тартышты соттук тартипте чечүү мүмкүнчүлүгү мыйзам долбоорундагы жаңы нормалардын бири болуп саналат жана соттун чечиминин негизинде жалпы жарандык паспортту да тариздөө жүргүзүлөт.

Талкуу соңунда парламенттик угууда айтылган сунуш – пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу жагы макулдашылды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1755

Окшош жаңылыктар