Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 20.12.19.

20-12-2019
09:15

“Ата - Мекен” фракциясы бүгүнкү, 20 - декабрдагы олтурумунда соттук чечимдерди жана башка аткаруу өндүрүшүндөгү процесстерди ишке ашыруунун көйгөйлөрүн талкуулайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов баяндама жасамакчы.

Бүгүн, 20 – декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Иш чарада демилгечилердин бири депутат Айсулуу Мамашева аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасайт.

ЕАЭБге кошулганы Кыргызстандын тапкан пайдасы кандай болду? Уюмдагы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алдыкпы? Мындай тизмеги узак суроолорго депутат Аалы Карашев жооп талап кылды.

                         СНХ.А.КАРАШЕВ

Артка калтырган 4 жылга саресеп салсак, ЕАЭБге мүчө болгонубузга карабай, дагы деле көп мүчүлүштүктөр болуп жатканына депутат Азизбек Турсунбаев токтолду.

                         СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

Депутат Экмат Байбакбаев ун комбинаттарынын бирлигинин кайрылуусу менен тааныштырды. Анда азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү маселелер камтылган.

                         СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

Ветинспекция боюнча маселе көтөрө берип, көңүл буруучуларды таппаганын айткан депутат Зиядин Жамалдинов, - “Торугарт аркылуу 5500 эшек терисин өткөрүүгө уруксат берилгендиги боюнча маалыматтар айтылууда. Элдин, тиешелүү тараптардын бул боюнча канчалык кабары бар?” – деген тынчсыздануусун билдирди.

                         СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 – декабрда эртең менен Чүй, Ысык – Көл областтарынын көпчүлүк, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Талас, Нарын областтарынын айрым аймактарында кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот, тоолуу райондордо кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир райондордо 17 - 22 метрге чейин жетет. Абанын температарусы Чүй, Талас:+2...+7, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+4...+9, Ысык – Көл:0...+5  градус жылуу болот. Нарын:-3...-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20 – декабрда эртең мененкисин кар жаап, күндүз жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...