Тармактык комитет алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жөнгө салуу демилгесин колдоого алды

11-10-2016 16:55

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны  өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу боюнча киргизилген өзгөртүүлөр депутаттар тарабынан колдоого алынды.

Андан тышкары, жыйында «Лотереялар жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы да тармактык комитет тарабынан жактырылды. Баяндама жасаган  Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов өлкөдө лотерея ишмердүүлүгү менен 29 компания алектенерин маалымдады.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорундагы  киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө кайрадан карап чыгууга чакырып, мамлекет жеке жана мамлекеттик лотереялык компанияларга бирдей шарттар түзүлүшү керектигин билдирди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 615

Окшош жаңылыктар