Жогорку Кеӊештин эки комитети Жайыл районунда биргелешкен көчмө жыйын өткөрдү

11-10-2016 15:09

Бүгүн, 11-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет менен Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин биргелешкен көчмө жыйыны өттү.

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу адегенде Талды-Булак айыл аймагындагы жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз абалы менен жеринен таанышты. Тургундардын айтымында, элеттиктер ушул кезге чейин сууну Кара-Балта суусунан түз алып пайдаланууда. Ал суу атайын жайга топтолуп, тазалоодон өткөрүлбөйт. Анткени, Кара-Балта суусунан мал ичет, ага автомашиналар кулап, күйүүчү жана майлоочу майлар, мунайзат аралашкан учурлар көп кездешет.

Элет тургундарын таза суу менен камсыз кылуу абалы менен таанышуу жүрүшүндө 2003-жылы бул жерге суу чыпкалоо жабдуулары орнотулганы, ал азыркыга чейин иштебей турганы белгилүү болду.

Көчмө жыйындын алкагында эл өкүлдөрү Сосновка айыл аймагындагы суу топтоочу жайдагы сууну тазалоочу (хлордоочу) жайдын ишке кирбегендиги дагы күбө болушту. Бул айылдын ооруканасына болгон сапарда дарыгерлер капиталдык ремонт зарылдыгын маалымдаышты.

Андан сырткары, эл өкүлдөрү Кара-Балта шаарындагы Жайыл аймактык бириктирилген оруукананын абалынан кабар алышты. Оорукананын баш дарыгери Болот Майканаевдин айтымында, оорукананын хирургия бөлүмүнө лифт коюу үчүн 5 млн сом, реанимация бөлүмүн кеңейтүү үчүн 4,9 млн сом зарылдыгы бар. Себеби Бишкек-Ош жолундагы Ал-Белге чейинки авто кырсыктардан жабыркагандардын баары ушул ооруканага жеткирилет.

Депутаттар Кара-Балта шаарында эки комитеттин биргелешкен жыйынын өткөрүп, Жайыл районунун аймагында орун алган көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланып, жергиликтүү бийлик органдарына элеттик тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы тармактык комитеттердин жеке көзөмөлүнө алынмакчы.

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Бакирдин Субанбеков, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев, Рада Туманбаева, Мухтар Айнакуолов, Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев, Тынчтык Конушбаев, Искендер Кадыркулов, Бакыт Райымкулов жана Динара Исаева катышты.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 493

Окшош жаңылыктар