Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 19.12.19.

19-12-2019
09:22

Азербайжандын баш калаасында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы Баку декларациясын кабыл алды.   Анда парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүү менен моделдик мыйзамдарды кабыл алуу, маданий баалуулуктарды биргеликте сактоо, парламенттер арасындагы аппарат кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусун камсыздоо сыяктуу милдеттемелер бар. Ошондой эле бул документте аталган Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү чаралары каралууда. Атап айтканда Түрк соода-өнөр жай палатасынын түзүлүшү жогору бааланат. Андан тышкары Кыргызстандын демилгеси менен Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки эстафетасы Түркияга берилген эле. Ошол 2020-жылы өтүүчү маданий-спорттук иш чарага Ассамблеяга мүчө өлкөлөр чакырылууда. 47 пункттан турган Баку декларациясына ылайык, 2020-жылы кезектеги ТүркПА жыйынын Казакстанда өткөрүү пландаштырылды. Уюмдун  Ассамблея Кеңешинин жыйынында жана IX пленардык отурумунда ТүркПАга мүчө өлкөлөр - Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан республикаларынын парламент төрөгалары сөз сүйлөштү.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттер аралык кызматташуу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана маданий байланыштарды бекемдөө ТүркПАнын эң негизги милдеттерине айланганын белгиледи. "Тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз бирдей  боордош элдербиз. Парламенттик дипломатияны натыйжалуу колдонуу аркылуу жана мыйзамдарыбызды гармонизациалоо менен биз өлкөлөрүбүздүн саясий, соода-экономикалык байланыштарын мындан ары дагы бекемдей бермекчибиз", - деп айтты Төрага. Отурумдун жүрүшүндө Түркия жумуриятынын Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Мустафа Шентоп Парламенттик Ассамблеянын төрагалыгын Азербайжан Милли Межилисинин төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадовго өткөрүп берди. Эске салсак, ТүркПАнын Бакудагы жыйынына Төрага Д.Жумабеков баштаган ЖК депутаттарынын курамында С.Айдаров, Т.Тиллаев, Р.Чойбеков, И.Маннанов, Э.Тагаев, Т.Шайназаров жана С.Шер-Нияз катышты.

Бүгүнкү, 19 – декабрдагы олтурумун Жогорку Кеңеш адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан баштап, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджеттери менен алардын 2021-2022-жылдарга божомолдорун үчүнчү окууда карайт. Сот арачылар институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр болсо экинчи окууда талданат. Ага чейин бул маселе тармактык комитеттин кароосунан өткөн.

Тажрыйбада таканчык таба албаган “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндөгү” мыйзамдын качан иштери күмөн жаратып жаткан жокпу? Себеби, 2009-жылы кабыл алынгандыгына карабай, аталган мыйзам талаптарын ишке ашыруу каражатынын жетишсиздигинен, атайын инфратүзүмдөрдүн даяр эместигинен улам 10 жылдан бери утуру кийинкиге калтырылып келет. Мыйзамдын 14-беренесинде  Бишкек шаары жана Ош областы үчүн 2022-жылдын 1-январына; Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2023-жылдын 1-январына; Баткен, Нарын Талас областтары үчүн 2024-жылдын 1-январына жылдыруу жагы каралган. Бул багытта депутат Иса Өмүркулов мыйзамдын аткарылбай жаткандыгы кимдин айынан, мүмкүн мөөнөтү да чукул болуп жаткандыгы себеп болуп жаткан жокпу?” – дейт.

                СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Сот арачылар институтунун  илең – салаң болбошу үчүн иштин так мөөнөтүн ыкчам чечип белгилеп алуу кажет. Эгер такыр эле болбосо анда мораторий киргизгенибиз мүмкүн туура болоор, - деген демилгени депутат Мыктыбек Абдылдаев сунуштады.

                 СНХ. М.АБДЫЛДАЕВ

Нотариустардын ишине электрондук документтер, аларды жүгүртүү, электрондук колтамга усулдарын киргизүүгө багытталган жаңы өзгөртүүлөр “Нотариат жөнүндөгү” мыйзамга сунушталууда. Демилгечи депутат Канат Керезбековдун айтымында, 2018-жылы жогорудагы мыйзамга нотариат иши тууралуу маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштетүү, сактоо, колдонуу жүрүмдөрүн автоматташтырууга арналган жаңы берене киргизилген, бирок ал азыркы замандын талабына толук жооп бербейт. Ошондуктан, санариптик технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мыйзамга жаңы түзөтүүлөр кошумчаланууда.

                 СНХ.К.КЕРЕЗБЕКОВ

Чет жерде жүргөн мекендештерибиз кош жарандуулугун сактап кала алат. Бир эле мезгилде алар башка туруктуу жашоочуларыбыз сыяктуу эле укуктардан колдоно алышат. Паспорттогу “улут” маселесин кайра карап чыгып, документте камтышыбыз керек, - дейт депутат Акылбек Жапаров парламенттин кечээки жыйынында.

                СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Таабалды Тиллаевге Баткен областынын Көк-Таш айылындагылардан соңку кырдаал боюнча кайрылуулар байма – байма түшүп жатат.  Бул багытта эл өкүлүнүн маалыматы:

               СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19 – декабрда айрым аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман каптайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:0...+5, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад: +2…+7 градус жылуу болот. Ысык - Көл:-2...+3 градуска чейин жылыйт. Нарын: -4…-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 - декабрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +2...+4 градус жылуу болот.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...