Камак жайына тыюу салынган буюмдарды алып кирген жактарга салынган айыптын өлчөмү көбөйтүлөт

11-10-2016 14:45

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Жазык-аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаровдун айтымында, камак жайына тыюу салынган буюмдарды алып кирген жактарга салынган айыптын өлчөмү өтө аз болгондуктан, мындай тартип бузуулар кайра-кайра кайталана берет. Ошондон улам, айыппул өлчөмүн жеке жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүчкө 5 миӊ сомго, ал эми юридикалык жактар үчүн 10 миӊ сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда.

Белгилей кетсек, азыркы учурда камак жайына тыюу салынган буюмдарды алып кирген жактарга салынуучу айыппулдун өлчөмү 200 сом. Алардан алынган буюмдар комиссиянын чечими аркылуу жок кылынат.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 548

Окшош жаңылыктар