Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды

11-10-2016 12:42

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Шайлоо тутумуна байланыштуу бир катар мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров.

Демилгечилердин маалыматына караганда, колдонуудагы “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына, “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилге жөнүндө” мыйзамдарга ылайык келтирүү зарыл.

Мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизилүүдө. Андан тышкары, жарандардын биометрикалык маалыматтарын, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонууну киргизүү сунушталууда. Мындай чаралар шайлоо жүрүмүндөгү жасалмалоолор менен бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет.

Эске салсак, 2015-2016-жылдары шайлоо мыйзамдарын реформалоо максатында “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөр киргизилген. Сунушталган мыйзам долбоору референдум өткөрүүдө да ошол сындуу окшош механизмдерди киргизүүгө багытталган.

Талкуу жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбооруна Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүдө бюллетенге ар бир өзгөртүүнү өзүнчө жазуу, эгер анын ичинде бир эле өзгөртүүгө жооп берилбей калса, ал бюллетенди жараксыз деп табуу тууралуу сунушун берди. Бирок, мындай сунуш колдоого ээ болгон жок.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова андай бюллетенди даярдоого 11-декабрга чейин жетишпей тургандыгын билдирди. Ошондон улам, комитет мүчөлөрү депутаттын сунушун колдогон жок.

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова тизмедеги референдумга президенттин мөөнөтүн токтотуу же узартуу жөнүндө маселе коюлбайт деген пунктка «референдумга Жогорку Кеӊештин депутаттарынын мөөнөтүн токтотуу же узартуу жөнүндө маселе коюлбайт» деген сөздү кошуу жөнүндө сунуш берип, комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 461

Окшош жаңылыктар