2016-жылга ИДӨ көлөмү адегенде 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, азыр ал 1,1 пайызга чейин төмөндөдү

11-10-2016 12:13

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде КР Өкмөтү тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоорунун концепциясы каралды

Өкмөттүн маалыматына караганда, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2017-жылы 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 2 428,9 млн сомго көптүк кылат. Ал эми 2018-2019-жылдаргы мезгилге карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 769,1 млн сомду жана 138 188,3 млн сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жылга 150 150,5 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 3 297,1 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылга республикалык  бюджеттин тартыштыгы 23 321,9 млн сомду түзө турганы белгилүү болду. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,7 пайызды түзөт. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.

Ошондой эле, бюджеттин тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом, анын ичинде ички булактар боюнча 3 млрд 695 млн сом, тышкы булактар боюнча 27 млрд 17 млн сом өлчөмүндө оӊ сальдо каралганы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө депутат Данияр Аттокуров Өкмөттүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүү көлөмү жаатындагы божолу туура эмес чыкканын айтып, ал үчүн ким жооп берери тууралуу собол салды. “Экономика министри өлкө экономикасында 5 пайыз өсүш болорун билдирген. Биз азыр 1,1 пайыз жөнүндө сөз кылып жатабыз. Буга ким жооп бериши керек? – деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев адегенде ИДӨ көлөмү 501 млрд сом өлчөмүндө белгиленген, биз азыр бюджетке өзгөртүү киргизип, аны 454 млрд сом өлчөмүндө белгиледи. Каржы каатчылыгынан улам ушундай болуп калды. ЕАЭБ алкагында да бир топ кыйынчылыктар бар. Биз абалда оӊдоо үчүн антикризистик атайын программа иштеп чыкканбыз. Ошондон улам, келерки жылдын бюджетинин долбоорунда мунун баары эске алынды. ”, - дейт ал.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Өкмөттөн толук жана так маалымат келгенче мыйзам долбоорун кийинкиге калтыруу чечимине келди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1812

Окшош жаңылыктар