Европа бирлиги республикалык бюджетти колдоо багытында 36 млн евро гранттык каражат бөлөт

11-10-2016 11:25

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун рефармалоого контракт» программасы боюнча Финансалык макулдашуну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.

«Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы билим берүү тармагын реформалоо жана анын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Гранттык каражат билим берүү мекемелеринин, анын ичинде мектеп-интернаттар менен балдарды багуу боюнча өзгөчө мекемелердин муктаждыктары үчүн колдонулат.

Бул багытта Европа биримдиги 2016-2018-жылдарга 36 млн евро гранттык каражат караганы белгилүү болду. Анын ичинде 30 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жумшалат, ал эми 6 млн евро программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардам болуп саналат.

Бул каражат адегенде республикалык бюджетке чегерилип, андан соӊ билим берүү тармагына которулат. Каражат мектепке чейинки мекемелерди жана жалпы билим берүү мектептерин өнүктүрүүгө жумшала турганы белгилүү болду. Бюджеттен заманбап жаӊычыл технологияларды киргизүү үчүн 100 млн сом бөлүнөт.

Талкуу жүрүшүндө жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттарды алууда техникалык жардам бөлүгүнө өтө эле көп каражат каралып жатканы белгиленди. Алынган каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, программаны ишке ашыруу жүрүмүнө жергиликтүү адистерди көбүрөөк тартуу сунуштары берилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 381

Окшош жаңылыктар