ЖАҢЫЛЫКТАР 09.12.19.

09-12-2019 09:12

Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик программаларды баалоо шаймандарын колдонуу концепциянын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чын адам - өнүккөн өлкө” программасын орто аралык баалоодон өткөрүү жөнүндөгү маселе бүгүн, 9 – декабрдагы Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралат. Демилгечи депутат Альфия Самигуллина. Олтурумга КР вице – премьер – министри Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү чакырылды.

Мамлекеттик сыр, анын купуялуулугу кандай корголот? Бул айрыкча президенттик кызматты аркалагандардын жоопкерчилигиндеги иш, - деген депутат Руслан Казакбаев күч түзүмдөрүнөн так жоопту талап кылды.

                             СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Коррупцияга каршы күрөшүүдө реформалык кадамдын алиппесин Грузия мамлекетинен уялбай эле үйрөнүү керек окшойт. Себеби, андагы жыйынтыктар жасалма эмес, аныкталмалар менен бышыкталып жатат, - деген депутат Экмат Байбакбаев болду. 

                            СНХ.Э.БАЙБАКБАЕВ

Салык алынбаган каражат бул контрабанда. Чек арадан чыгып жаткан акча каражаттары декларацияланганбы? Бул жагын тактап көрөлү, - деген депутат Исхак Пирматов парламент жыйынында бажычыларга суроо жолдоду.

                           СНХ.И.ПИРМАТОВ  

Ири базарларда иштегендер сырттан товар ташып келүүдө акчаларын жыйнап өз продукцияларынын ассортиментин арттыруу максатында аэропорттон алып чыгууга туура келет.  Анан аны кимдир бирөөнүн дарегине көө жабуу максатында колдонуу акыйкатсыздык. Муну “Азаттык” радиосу да башында башка мазмунда даярдалган материалын, кийинки материалында түзөтүүлөр менен кайра жарыялап олтургандыгын Төрага Дастанбек Жумабеков белгиледи.

                           СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9 – декабрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы Чүй, Талас:+8…+13; Баткен, Ош, Жалал-Абад: +10…+15; Ысык-Көл: +4…+9; Нарын: +1…+6 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -4…-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9 - декабрда кар жаабайт. Абанын температурасы +10...+12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар