Сот арачылар институтун киргизүүнүн мөөнөттөрү өзгөртүлүүдө

05-12-2019 19:17

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“КР сотторундагы сот арачылары жөнүндө”, “Жазык кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамдарга) мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов жана КР юстиция министри Марат Жаманкулов баяндама жасашты.

Ушул мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында сот арачылар сотун киргизүүнүн мөөнөттөрүн өзгөртүүгө  багытталган.

Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин айрым жоболорунун мөөнөттөрүн өзгөртүү сунушталган:

- Бишкек шаары жана Кыргыз Республикасынын Ош облусу үчүн 2015-жылдын 1-январынан баштап дегенди  2022-жылдын 1-январына;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустары үчүн 2016-жылдын 1-январынан баштап дегенди 2023-жылдын 1-январына;

- Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын Талас облустары үчүн 2017-жылдын 1-январынан баштап дегенди  2024-жылдын 1-январына.

Талкууда депутат Аида Касымалиева сот арачылар сотун киргизүүнүн мөөнөттөрү кайра-кайра жылдырып келе жаткандыгын айтып, ага тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралышы керектигин баса белгиледи. Депутат Дастан Бекешев сот арачылар институтун ишке киргизүүгө имарат-жай шарттары чечилбегени абдан өкүнүчтүү экенин айтып, эӊ башкысы мыйзам аткарылышы керектигине токтолду. Депутат Акылбек Жапаров Сот арачылар институтун киргизүүнүн мөөнөтүн бир жылга узартуу сунушу менен чыкты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1783

Окшош жаңылыктар