Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерин канааттандырарлык деп табылды

05-12-2019 18:38

Ал эми “ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сооданын алкагында салык жана бажы жыйымдарын тескөөнү жакшыртуу, КР Мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды ачыктоо жана токтотуу, аткезчилик менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн иш-аракеттери жетишсиз деп табылды.

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Ошону менен катар “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен сооданын алкагында салык жана бажы жыйымдарын тескөөнү жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды ачыктоо жана токтотуу, аткезчилик менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” Комитеттердин биргелешкен чечиминин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланды. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Депутат Руслан Казакбаев өлкө сыртынан терроризмге, экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукту колдоого багытталып кирген каржылар боюнча фактыларга кызыкты. Жыйынга чакырылган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай фактылар жок экенин билдиришти. Ошону менен катар эл өкүлү журналисттер тарабынан чоӊ иш-аракеттер жасалганын белгилеп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш-аракеттер көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Депутат Бакирдин Субанбеков бюджеттин ИДПга карата 23%ы көмүскө экономикада экендигин, контрабанда боюнча 60 иш сотко өткөрүлгөнүн тактады. Ошону менен катар эл өкүлү укук коргоо органдарынын айлык маянасы маянасы менен кошо жоопкерчилигин да көтөрүүнү сунуш кылды.

Депутат Нодирбек Каримов ички иштер министрлигиндеги мыйзамсыз иш-аракеттерге барган кызматкерлерди аныктап, алардан тазалануу иштерин колго алуу керектигин белгиледи.

Депутат Экмат Байбакпаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү чындап коррупцияга жана контрабандага каршы күрөшүү үчүн укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу сунууш менен чыгышты.

Бир катар эл өкүлдөрү аткаруу бийлиги тарабынан жасалып жаткан иштер коомчулукка жетиштүү деӊгээлде түшүндүрлбөй жатканын сынга алышты.

Депутат Акылбек Жапаров укук коргоо органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн дагы кандай жабдууларды, программалык камсыздоолорду алууга каражатты парламенттин токтому менен бекитип берүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусунун негизинде «Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши канааттандырарлык деп табылды.

Ал эми “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен сооданын алкагында салык жана бажы жыйымдарын тескөөнү жакшыртуу, КР Мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган товарларды ачыктоо жана токтотуу, аткезчилик менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн иш-аракеттерин жетишсиз деп табуу жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1846

Окшош жаңылыктар