Чек арадагы өткөрүү жайларында жүк ташыган автомашиналар менен жүктөрдүн көлөмүн эсепке ала турган 5 автоматташтырылырган тутум орнотулууда

05-12-2019 15:39

Айрым адамдар, ЕАЭБ аймагындагы бажы жеңилдиктеринен пайдалануу менен, өлкө чек арасынан өткөн айрым адамдар менен компаниялар салыктар менен төлөмдөрдөн кутулуу максатында, товарларынын түрү менен көлөмү жөнүндө жалган маалыматтар берилип контрабандалык кылмыштарды жасоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Вице-премьер-министр Дүйнөлүк банктын колдоосу менен чек арадагы өткөрүү жайларында жүк ташыган автомашиналар менен жүктөрдүн көлөмүн эсепке ала турган 5 автоматташтырылырган тутум орнотулуп жатканын, заманбап жабдуулар чек арадан өткөн жүк ташуучу автомашиналарды жана ташылган жүктөрдү он-лайн режиминде көрсөтүлүү менен бирге, жазылып кала турганын айтты. «Азыр ал тутумду «Коопсуз шаар» долбооруна туташтыруу чаралары каралып жатат», - деди Жеңиш Разаков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 886

Окшош жаңылыктар