2019-жылы 126 миң кылмыш катталды, ал өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп, ошондой эле өзгөчө оор кылмыштардын санынын өскөнү да байкалууда

05-12-2019 15:15

Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү ИИМ органдарынын ишинин негизги багыттарынан болуп санала турганын белгиледи. «2019-жылдын өткөн 10 айында кылмыштардын бирдиктүү тизмесине 126 миң кылмыш катталды, ал өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп, ошондой эле өзгөчө оор кылмыштардын санынын өскөнү да байкалууда. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү катталган. Быйыл 136 УКТ мүчөсү камакка алынды, мурдатан издөөдө жүргөн 13 уюшкан топтун мүчөсү кармалды», - деди ал.

Андан тышкары, ИИМ башка мекемелер менен бирге “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча ондон ашуун кеңешмелерди өткөргөнү, мыйзамдын аткарылышы жаатында бир катар иштиктүү чечимдер кабыл алынганы, уюшкан кылмыштуу топторду уюштуруу фактылары боюнча 6 кылмыш иши козголуп, 1 иш сотко өткөрүлгөнү белгилүү болду.

Министр “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыкканын билдирди. Анда уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган жана андан каржыланган жактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары каралды. Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтордун иерархиясында турган адамдар жөнүндө атайын түшүнүктөр сунушталууда.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 439

Окшош жаңылыктар