Жакынкы жылдары Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө

05-12-2019 12:39

Жогорку Кеңеште Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 936

Окшош жаңылыктар