Туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы каралды

05-12-2019 12:29

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊеш жыйынында 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Аталган маселе боюнча КР каржы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин баяндама жасады.

“Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоорунун максаты болуп кредиттөө үчүн туруктуу өнөктөш кредиттик-финансылык институттарга кайра каржылоо каражаттарын берүү аркылуу узак мөөнөттүү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүү эсептелет. Долбоордун негизги максаттуу тобу болуп Кыргыз Республикасынын агроазык-түлүк секторунда алектенген чакан жана орто ишканалар эсептелет. Туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн анча чоң эмес фермердик чарбаларды коммерциялык кошумча нарк байланышына интеграциялоо жана пайдалуу, узак мөөнөттүү негизде финансылык ресурстарга чакан жана орто ишканалардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн финансылык секторду күчөтүү зарыл.

Долбоорду ишке ашырууга багытталган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маржасын эсепке алуу менен улуттук валютада рекредиттелет.

Долбоордун жалпы бюджети 39,0 млн еврону түзөт:

 - 9,0 млн евро грант түрүндө акысыз негизде Германия өнүктүрүү банкынан (бүгүнкү күндө долбоор ишке ашырылып жатат);

- 22,0 млн евро кредиттик каражат ЕИБден (кредиттөө шарттары: кредит 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөт 3 жыл, Еврибор пайыздык ставкасы кошуу ЕИБ маржасы);

- 5,0 млн евро Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонд тарабынан кош каржылоо гранттык каражаттары, аларды администрациялоону KfW жүргүзөт;

- 3,0 млн швейцария франкы - Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгынын гранттык каражаттары (каражат тартып келүү пландалууда).

 “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоорун KfW, ЕС БАИФ жана СЕКО тарабынан кош каржылоонун жалпы суммасы грант түрүндө 17 млн еврону түзөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 372

Окшош жаңылыктар