Муктаж болгон жарандарга атайын талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт

10-10-2016 16:28

Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 10-октябрдагы жыйынында “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Ж.Полотова баяндама жасады.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, социалдык заказ тууралуу мыйзам коңшу өлкөлөрдүн арасында Россияда, Казакстанда жакшы иштеп жатат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча 120 сунуш келип түшкөн. Анын 60%ы эске алынды,- дейт министрдин орун басары. Ошондой эле анын белгилешинче, социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу муктаж болгон жарандарга тиешелүү кызматтар көрсөтүлөт. Атап айтканда, чачтарач, жуунучу жай, жалгыз бой, улгайган, муктаж болгон жарандарга тамак жеткирүү боюнча кызматтар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн массаж сыяктуу кызматтарды жеткирүүчүлөрдүн тармагы болгондо гана социалдык талондор колдонулат. Мындай ыкма менен Бишкек мэриясы иш алып барууда. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса анда ушундай эле иш тартибин башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы улантып кете алышат.

Мыйзам долбоорунда жалпысынан мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун үч формасы каралууда. Алар: социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар, коомдук-пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жана социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү шарттарын жөндөө болуп саналат.  

Талкуудагы мыйзам долбоору боюнча өз пикирин билдирген депутат Аида Исмаилова, -“Социалдык заказдар багытында көрсөтүлүүчү кызматтар элге пайдасын тийгизиши керек”,- дейт.

Депутат Наталья Никитенко болсо илим, маданият, адабият жаатындагы социалдык заказдардын кандай тартипте аткарылаарына кызыкты.

Талкуу жыйынтыгында “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү” мыйзам долбоору 1-окууда жактырылып, парламенттин кароосуна жолдонду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 278

Окшош жаңылыктар