Өлкөнүн өнөржай тармагын өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн иш-аракети Жогорку Кеӊеште талкууланат

03-12-2019 17:03

Бүгүн, 3-декабрда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө маселе каралды.

Аталган маселе боюнча КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов баяндама жасады.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеӊештин аталган токтомунун кабыл алынганына 5 жылдын жүзү болгондугун, андан бери өлкөнүн индустриалдык-инновациялык өнүгүүсү боюнча стратегия эми гана иштелип чыккандыгын сынга алды. Э.Осмомбетов 2016-жылга чейин өнөржай тармагы ар кайсы мамлекеттик ведомствонун астында болуп жүрүп, бул тармакты өнүктүрүү боюнча стратегия Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети түзүлгөндөн кийин иштелип чыккандыгын маалымдады. Ошону менен катар стратегия тууралуу учкай маалымат берди.

Депутат Азамат Арапбаев документте келечекке коюлган максаттар гана айтылып, аларды жүзөгө ашыруу жолдору жаатында сөз болбогонуна токтолду. Анын айтымында, өндүрүш, туризм, билим берүүнү экспорттоо мамлекет көз карандысыздыкты алгандан тарта айтылып келе жатканын менен кагаз жүзүндө эле калып калып жатат. Бул багытта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде кандай конкреттүү кадамдар жасалып жатканына кызыккан эл өкүлү, берилген жооптордо статистика гана айтылганын белгиледи. Ошону менен катар А.Арапбаев бул маселени – өлкөнүн өнөржай тармагын жакынкы 5-10 жылда өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн иш-аракетин Жогорку Кеӊеште талкуулоону сунуш кылды. Кесиптешинин пикирин депутаттар депутаттар Искендер Гайпкулов, Акылбек Жапаров дагы кубаттоого алышты.

Депутат Айсулуу Мамашев аталган стратегия 1,5 жылдын ичинде иштелип чыгып, ага 500 миӊ доллар акча сарпталганын тактап, документтин өзүндө алгылыктуу кадамдар жоктугун билдирди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылышын жалпы жыйында талкуулоо чечимин кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар А.Жапаров, Б.Жетигенов, Т.Зулпукаров, А.Юсуров, М.Маматалиев, А.Абжалиев, жана А.Сулайманов тарабынан демилгеленген «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда, ал эми депутат А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 380

Окшош жаңылыктар