Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев менен Айнура Аскарова Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык мекемеде өткөн иш-чарага катышты

03-12-2019 16:54

Кыскача «Майыптар үйү» деп аталган бул мекемеде 270 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашашат. Бул мекеме 40 жылдан ашуун убакыттан бери психикалык жактан жабыркаган адамдарга кам көрүп келет.

Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев, Айнура Аскарова 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага атайын келишкен. Эл депутаттары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекет тарабынан кандай камкордуктар көрүлүп жатканы, кабыл алынган мыйзамдар, алдыда белгиленип жаткан максаттар туурасында айтып беришти. Ошону менен бирге эле, жараткан мына ушундай оор тагдырга туш кылган адамдарга жардам колун сунуу ар бир инсандын милдети да болууга тийиш экенин белгилеп кетишти.

Бул жатак мекемеде майыптар үчүн колдон келген шарттардын бары түзүлгөн. Антсе да, маал-маалы менен муктаждыктары да чыга калып турат. Ошондон улам бир чети майыптардын абалынан кабар алып, экинчи чети майыптар күнүнүн урматына белек-бечкектерин берүү үчүн келгендер арбын болду.

Эл депутаттары да «Кыргызстан» партиясынын атынан кем-карчыңарга жумшагыла деп 50 миң сом жардам көрсөтүштү. Чүй районундагы айыл өкмөттөрү да бири калбай кайрымдуулук кылышып, азык-түлүк, акча жана эмерек алып келип беришти. Райондун аймагындагы мекеме-ишканалар, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да четте калышкан жок.

Аталган жайда жашап жаткан майыптардын арасында да ар өнөргө жакын адамдар бар экен. Бир ырдаса, бири бийлеп келген меймандарга концерт коюп беришти. Ал эми кол өнөрчүлөрү кыргыздын улуттук боз үйүнүн макетин иш-чаранын конокторуна белек кылышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 382

Окшош жаңылыктар