«Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамдын ишке кирүү мөөнөтү узартылууда

03-12-2019 14:02

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Сот департаментинин маалыматына караганда, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзам 2009-жылы кабыл алынган, бирок аны ишке киргизүү каражатынын жетишсиздигинен жана атайын инфратүзүмдөрдүн даяр эместигинен улам 10 жылдан бери иштебей келген. «Азыр деле мындай жагдай жакшы жагына өзгөрүп кеткен жок», - дейт ал.

Ошондон улам, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесинин айрым жоболорунун ишке киргизүү мөөнөттөрүн өзгөртүү демилгеси сунушталууда, алсак:

- Бишкек шаары жана Ош облусу үчүн 2015-жылдын 1-январынан баштап дегенди 2022-жылдын 1-январына;

- Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустары үчүн 2016-жылдын 1-январынан баштап дегенди 2023-жылдын 1-январына;

- Баткен, Нарын Талас облустары үчүн 2017-жылдын 1-январынан баштап дегенди 2024-жылдын 1-январына.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев мурда кабыл алынып, ишке кирүү мөөнөтү улам-улам узартылып келаткан мыйзамды ущул кезге чейин аткарбай жаткан Өкмөт менен Жогорку сотко наарызычылыгын билдирди. «Анын мөөнөтүн дагы э\ки жылга узартуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоп бергиле дейсиңер, эмне, силер сот реформасын токтотууну суранып жатасыңарбы? Анда мыйзамды аткара албай турганыңарды ачык эле моюнга албайсыңарбы. Мыйзамдын 10 жылдан бери аткарылбай жатканы үчүн ким жооп берет?», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мыйзамдын аткарылбай келатканын моюнга алып, мыйзамды ишке ашыруу үчүн 6 аралыгында бюджеттен 6,5 млрд сом керектеле турганын билдирди. «Азырынча сот арачылары жайгаша турган имараттар да даяр эмес. 2020-жылы Сот департаментине Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарды курууга 16 млн сом каралууда", - деди ал.

 Депутат Исхак Масалиевдин пикиринде, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзам кыргыз элинин менталитетине анчалык туура келбейт, ошондон улам ал ушунча жылдан бери аткарылбай жатат.

Ал эми депутат Руслан Чойбеков мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн дароо эле 10 жылга өзгөртүү сунушун берди. «2023-жылдан тарта тышкы карыздарды төлөөнүн кескин өсүү мезгили башталат, демек, баары бир каражат мындан дагы тартыш болот», - деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 662

Окшош жаңылыктар