Депутаттар тобу кардарлардын насыя алуусуна жагымдуу шарттарды түзүү жана каржылык-банктык тутумдун туруктуулугун бекемдөө демилгесин көтөрүүдө

03-12-2019 13:44

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет насыялык маалыматтарды натыйжалуу алмашууну жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын  айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору аркылуу «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «КР Социалдык фонду жөнүндө» мыйзамдарга жана КР Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. «Сунушталган чаралар кардарлардын насыя алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө жана каржылык-банктык тутумдун туруктуулугуна оӊ таасир тийгизет», - деп кошумчалады ал.

Ошентип, «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга насыялык маалыматты позитивдүү насыялык маалыматка жана негативдүү насыялык маалыматка бөлүү, негативдүү насыялык маалыматты насыялык бюрого зайымчынын өткөрүп берүүнүн милдеттүүлүгүн кароо сунушталат. Насыялык бюронун маалыматтар базасында негативдүү насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу каралган. Насыялык маалымат эми сотко мыйзамдарга ылайык бериле алат.

Мындай кадам насыялык бюро зайымчыларга өзүлөрүнүн насыялык тарыхын бир каржы мекемесинен башка мекемеге алып барууга мүмкүндүк берип, материалдык чыгымдар менен убактыны бир топ кыскартат. Азыр башка жакта насыясы жок экенин далилдөө үчүн адам банктарга барып, береселери жоктугу тууралуу маалымкат алышы керек болсо, эми ал өзүнүн насыялык тарыхын бир эле жерден – насыялык бюродон алат. Ошондой эле маалымкат берүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгарат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 382

Окшош жаңылыктар