Япон агенттиги Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү кайра курууга грант бөлөт

03-12-2019 12:32

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин  (JICA) ортосунда “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, Япон Өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иени өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды.

“Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган “Талас-Тараз” автожолунун 82 км иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат. Ошону менен бирге, долбоордо кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу белгиленген.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 374

Окшош жаңылыктар