“Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл

03-12-2019 12:14

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук  боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 6,5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 2,5 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 4 млн евросу грант болуп саналат.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен 27620 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан республикабыздын суу секторунун өнүгүүсүнө багытталат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 423

Окшош жаңылыктар