Тармактык комитет Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды сууларды тазалоо абалы менен таанышты

03-12-2019 11:32

Агрардык саясат, суу ресурстары экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет Чолпон-Ата шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Көчмө жыйынга комитет төрагасы Нурбек Алимбеков, депутаттар Алмазбек Акматов, Рада Туманбаева, Муктарбек Айнакулов жана Абылкайыр Узакбаев катышууда. Иш-чарада негизги маселе катары калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулар боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө каралууда.

Алгач эл өкүлдөрү Балыкчы шаарынын саркынды суу тазалоочу жайынын абалы менен таанышты. Бул курулма 1989-жылы курулуп башталып, бирок аягына чыкпай калган. Өкмөт бул боюнча чет элдик гранттар менен сүйлөшүп суу тазалоочу жайдын курулушун аягына чыгарууга аракеттенишүүдө. Учурда тендер жарыяланып, алгачкы иштер башталганы маалым болду.

Ал эми Чолпон-Ата шаарынын саркынды суу тазалоочу жайында да абал жакшы эмес. Курулма совет мезгилинен бери оңдоп түзөөдөн өткөрүлө элек. Ага көл жээгиндеги пансионаттардын көпчүлүгүнүн саркынды суусу куюлат. Комитет мүчөлөрү айтылган саркынды суу тазалоочу жайлардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.

Учурда эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында өкмөт мүчөлөрү, облустук, райондук жетекчилер менен биргеликте айтылган көйгөйлөрдү талкуулоодо.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 380

Окшош жаңылыктар