ЖАҢЫЛЫКТАР 03.12.19.

03-12-2019 08:40

Бүгүн, 3 – декабрдагы олтурумунда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда карайт. Ошондой эле “Аракетке жөндөмсүз жактардын укуктарын жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору да талкууга биринчи окууда коюлат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”мыйзам долбоорун депутат Бактыбек Турусбеков демилгелөөдө.

 

“Абанын тазалыгын камсыздоонун бир элементи электромобилдерди алып келүү. Экинчиси, энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануу. Бирок, ошол энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы кечеңдеп жатат. Себеби, мыйзам алдындагы актылар ушул кезге чейин иштелип чыга элек”, - дейт депутат Марат Аманкулов.

                      СНХ.М.АМАНКУЛОВ

Асманыбыз ачык болсун, - деп бекеринен айтылбаса керек. Көк бетин көө түтүн каптаганы коомчулук түп көтөрүлө тынчсызданды. Андан улам, атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн ишинде сезилерлик натыйжа болбой жатканына токтолгон депутат Аалы Карашев, бул багытта алгылыктуу иш-чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

                      СНХ.А.КАРАШЕВ

“Жер - Үй” алтын кенин иштетүүгө берилген Талас областынын Бекмолдо айыл өкмөтүнүн эли эмдигиче жайыт жерлерин ала албай келишет. Бул жагдайга кайрылган депутат Гүлкан Молдобекова, - “Ошол жайыт жерлер бир нече жыл мурун Суусамыр өрөөнүнөн  бөлүнөт, - деп убада берилген менен ал маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек”, - дейт.

                     СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Айлана-чөйрөнү коргоо иши системдүү мамлекеттик мамилеге муктаж. Маселе актуалдуу болгондуктан, элдин экологияга болгон аӊ-сезими менен маданиятын да көтөрүү керек. Мындай пикирин депутат Иса Өмүркулов билдирди.

                    СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 - декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй+6...+11, Талас:+7...+12, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+8...+12, Ысык – Көл:+1...+6 градус жылыйт. Нарын: -2...-7 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – декабрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы +8...+10 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 139

Окшош жаңылыктар