ЖАҢЫЛЫКТАР 02.12.19.

02-12-2019 08:54

Бүгүн, 2 – декабрдагы Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да күн тартибинде турат. “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө байланыштуу мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча маселе да талкууга чыгат.

ЕАЭБдин тышкы чек арасынын кыргыз участкасындагы айрым өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана алардын техникалык жабдууларына каралган 200 млн долларлык гранттык каражатка бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Анын аткаруучуларын тандоого келгенде да орус тараптын корутундусу бар. Бул негиздерди Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов айтты.

                      СНХ.И.ПИРМАТОВ

Өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана алардын техникалык жабдууларын камсыздоонун мөөнөтү  дагы 72 айга же 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылууда. Бирок, буга Бахадыр Сулейманов баштаган айрым депутаттар чек ара аймактарындагы өткөрмө жайларды модернизациялоонун мөөнөттөрү улам-улам узартылып жатканына нааразы болушту.  

                     СНХ.Б.СУЛЕЙМАНОВ

Айдоочулардын күбөлүктөрү качан зарыл болгондо жаңысына алмаштырыла берет. Бул коопсуздук үчүн керек. Ал эми паспорт маселесине келгенде жайбаракаттыктын жайылышына эмне себеп? – деген суроону депутат Максат Сабиров көтөрдү.

                     СНХ.М.САБИРОВ

“Кыргыз паспортторунун болгондо да кылмыштуу топтордун колуна тийип калган көрүнүштөрү жакынкы эле эмес, алыскы чет мамлекеттерде да катталып жаткандыгы өлкө беделине шек келтирүүдө. Мындай жасалма паспорттор  1994 – жылкы үлгүдөгү эмес, жакынкы 2 – 3 жылдын ичиндеги эле жаңы паспорттор”, - дейт депутат Рыскелди Момбеков “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                     СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 - декабрда айрым райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+2...+7, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+4...+9, Ысык – Көл:0...+5 градус жылыйт. Нарын: 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2 – декабрда кар аралаш жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы +4...+6 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 41

Окшош жаңылыктар