ММК фондуннун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 млрд 745 млн сомдо түзүлдү

29-11-2019 15:36

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 млрд 745 млн сом көлөмүндө жана чыгышалар боюнча 15 млрд 745 млн сом көлөмүндө, 2021-жылга божомолу 14 млрд 661 млн сом жана 2022-жылга божомолу 17 млрд 215 млн сом өлчөмүндө түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угуунун жүрүшүндө белгилүү болду.

ММК фондунун 2020-жылдагы бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар менен Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет. Ошондон улам, республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 10 млрд 852 млн сом көлөмүндө, Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражат 2 млрд 569 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Андан тышкары, ММК фондунун 2020-жылга карата чыгашалары келип түшүүсү болжолдонгон каражаттардын чегинде 15 млрд 745 млн сом, 190 млн сом көлөмүндө камсыздандыруу запасын эске алуу менен болжолдонууда.

Парламенттик угуунун катышуучулары Эсетөө палатасы каражаттардын толук түшпөй калуу тобокелчилиги бар деген корутунду бергенин эске салып, ММК фондунда өз тармагында ырааттуу реформаларды жүргүзүү, айрыкча дары-дармектерди сатуу жана мамлекеттик кепилдик каражаттарын бөлүштүрүү, кардарларды тейлөө жаатында орун алган коррупциялык жосундар менен социалдык теңсиздикти жоюу, тендерлерди калыстык менен өткөрүү жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, эл каттоо маалыматына ылайык, Кыргызстандын 5 млн 800 миӊ калкы бар, анын ичинде 64 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга жатат, мындайча айтканда, 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар.

Парламенттик угуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси жана БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен уюштурулду. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2526

Окшош жаңылыктар