ЖАҢЫЛЫКТАР 29.11.19.

29-11-2019 09:08

Бүгүн, 29 – ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитет БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Иш чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдар менен жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

КСДП фракциясы бүгүн, 29 – ноябрда өтүүчү жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүлүгү жөнүндөгү маселени карайт. Олтурумга Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү чакырылды.

Кечээки парламент олтурумунда да 2018 – жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы, 2019 – жылдагы аткарылып жаткан иштер каралды. Талкуула депутат Иса Өмүркулов, - “Ишкер айымдарды колдоо аракети жакшы. Бирок, алардын  жолдоштору жогору турган ишкерлер эмеспи? Бул жагын да кароо керек”, - дейт.

                         СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Мамлекеттик маанидеги документтердин саны 350дөн ашат. Бирок, мамлекеттик деңгээлде алардын коргоого алынышына жооп берүүчү тарап табылбай жатканы коррупциянын эле айынан. Болбосо, мамлекеттик маанидеги документтер тууралуу мыйзам болушу керек эле. Ал жогунан бул ишти иреттей турган мыйзамдык жол – жоболордун бардыгын «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга камтууга туура келүүдө, - дейт депутат Р. Момбеков “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                        СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Ички паспорттордун шек жараткан түрлөрү болбошу үчүн документтин колдонуу мөөнөтү белгиленген. Улам жаңы технологиялык ыкма менен алардын коргоочу белгилери жаңыртылып турат. Мисалы, азыркы биометрикалык паспорттордо жеке маалыматтардан турган чип болгондуктан, аны эч ким жасай албайт, - дейт КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов.

                       СНХ.А.МАМБЕТОВ

Паспорт тууралуу талкуу болуп жатканда, ага коюлуучу номерлердин иреттүүлүгүн тактап, нумерациялоо иши «Учкун» тарабынан жүргүзүлүп, андан аркысы мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылып турса деле отчеттуулукта оңтойсуздуктар жаралбас эле. Паспорттор чет мамлекеттерде даярдалды болбой, Кыргызстанда жасалды дегени деле өлкө имиджине кубаттоо болмок, - деди «Учкун» ачык акционердик коомунун башкы директору Даир Кенекеев. 

                     СНХ.Д.КЕНЕКЕЕВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-ноябрда кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:0...-5, Нарын: -1...-6 градус суук болот. Талас:-3...+2 градус жылыйт. Ысык – Көл:0...+5, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29 – ноябрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы -0...-2 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 55

Окшош жаңылыктар