Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Нур-Султан шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышты

26-11-2019 17:01

Бүгүн, 27-ноябрда Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Аттокуров жана Руслан Чойбеков Казакстан Республикасынын Биринчи президентинин күнүнө карата уюштурулган парламенттер аралык конференцияга катышты. Иш-чарада Россия, Болгария, Түркия, Америка өңдүү мамлекеттерден келген парламент жетекчилери жана депутаттар болду.

Конференцияда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кыргызстан менен Казакстан эгемендүүлүккө жетишкен жылдардан бери ар тараптуу кызматтыштыкты арттырып келе жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар эки өлкө бир катар эл аралык уюмдардын жана биримдиктердин алкагында да кызматташтыгын жигердүү улантып келе жатканына токтолуп: “Бир туугандык, достук мамилени өнүктүрүүдө Казакстан мамлекетинин Биринчи президентинин салымы чоң. Мындан ары да калыптанган тыгыз алакалар өнүгө берет деген ишеничтебиз. Анын ичинен  парламенттер аралык кызматташтык да өтө маанилүү. Саясий-экономикалык, маданий гуманитардык байланыштарды чыңдоодон тышкары, аймактык жана глобалдык ар кандай коркунучтардын алдын алууда да эки өлкөнүн парламенттери эриш-аркак кызматташуусу зарыл”, - деди Аида Касымалиева.

Конференциянын жүрүшүндө Төраганын орун басары башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен бейрасмий жолугушууларды өткөрүп, ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 568