ЖАҢЫЛЫКТАР 28.11.19.

28-11-2019 08:29

Бүгүн, 28 – ноябрдагы Жогорку Кеңеш олтуруму толугу менен республикалык бюджетти талдоого арналмакчы. Атап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланат. Ал эми  “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууга чыгарылат.

Агрардык тармак өлкөнүн артыкчылыктуу багыты болгондуктан, жер иштетүү, мал жандыктарын асыроо кандай ыкмаларга таянып өз сапаттуулугун жогорулата алат? Бул суроого жооп күткөн Төрага Дастанбек Жумабеков парламенттин кечээки олтурумунда тармактык министрликке кайрылды.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Бир мобилдик оператордон экинчи бир мобилдик оператордун кызматтарын колдонуу менен чалуулар жүргүзүлсө, алына турган акылардын тарифи кандай? Бул суроону депутат Алмазбек Эргешов тишелүү тармак өкүлдөрүнө жолдоп, төмөндөгүдөй жооп алды.

                         СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Интернеттин бааларын теске салууда кымбаттоолорго жол берилсе кайсы ведомство жооп берет? Бул суроону иликтөө үчүн убагында депутаттык комиссия да түзүлгөн. Мындай маалыматтарга кайрылган депутат Рыскелди Момбеков буларга токтолду.

                         СНХ.Р.МОМБЕКОВ

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун парламент кечээки жыйынында биринчи окууда карады. Талкууда депутат Уланбек Примов алимент төлөөдөн качып жүргөндөрдүн эсебин тактады.

                        СНХ.  У.ПРИМОВ

Бюджет жана финансы боюнча комитет БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен эртең, 29 – ноябрда «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Иш чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдар менен жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-ноябрда Ысык- Көл областынын айрым, Ош областынын тоолуу райондорунда кыламык кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын: -1...-6 градус суук болот. Ысык – Көл:0...+5 Ош, Жалал – Абад, Баткен:+3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28 – ноябрда кар жаабайт. Абанын температурасы -1...-3 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 122

Окшош жаңылыктар