ЖАҢЫЛЫКТАР 27.11.19.

27-11-2019 08:45

Бүгүн, 27 – ноябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. Ошондой эле ратификациялык бир катар мыйзам долбоорлору, андан тышкары алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларынын өзгөртүүлөрүнө да көңүл бурулмакчы.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев сот системасын реформалоодо зарыл болгон институттардын бири сот арачылар институту экендигин билдирди. Мыйзам боюнча алардын курамы бери жагы 9 кишиден кем болбойт. Андыктан, алардын ишин улам артка жылдыруунун канчалык зарылчылыгы бар эле? – деген суроону эл өкүлү  тиешелүү тараптарга жолдоду.

                           СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  Мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүргөн КР Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин белгилешинче, - “Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү”. 

                           СНХ.А.ОРОЗАЛИЕВ

Ипотека багытындагы каржылык колдоону көбөйтүп, донорлор менен болгон кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыктары белгиленүүдө. Ошол эле мезгилде депутат Эмиль Токтошев маалымдагандай, ипотекалык компаниянын ишинин ачык - айкындуулугун камсыздоо менен электрондук кезек жана документ топтоо түзүмүн киргизүү зарыл. 

                          СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Балык уулоочу торлор синтетикалык бекем материалдардан даярдалгандыктан, алар сууда чирибейт. 100 метринин орточо баасы 300 сом болгондуктан, браконьерчиликте кеӊири колдонулууда. Кесепети чоң мындай торлорго балыктар тыгылып, канаттуулар чырмалып, өлгөн жаныбарлар топтолуп, экологиялык абалдын бузулушуна алып келүүдө. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу сунушталууда, - дейт демилгечи депутат Ж.Турусукулов.

                         СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ  

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-ноябрда Ош областынын айрым райондорунда суу кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -2...-7, Ысык – Көл:0...-5 градус суук болот. Ош, Жалал – Абад, Баткен:+1...+6 градус жылуу болот. Нарын: -2...+3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 27 – ноябрда кар жаабайт. Абанын температурасы -3...-5 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 160

Окшош жаңылыктар