ЖАҢЫЛЫКТАР 25.11.19.

25-11-2019 09:22

Бүгүн, 25 – ноябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Тышкы миграция  жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт.  “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга да өзгөртүүлөр сунушталууда. Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 29-июнундагы “Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу” токтомунун аткарылышы да бул жолку жыйынга чыгарылат. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү маселеси да бул жолку жыйындын негизги суроосу болмокчу.

Кала берсе ордо калаада медициналык шприцтерди текшере турган лабораториялар иштебейт. Бул негиздерге кайрылган депутат Аалы Карашев, - “Буга Экономика министрлиги тарабынан тиешелүү шарттар түзүлбөй жатпасын?! Ата мекендик өндүрүшкө колдоо болуш керек да»,- дейт.

                         СНХ.А.КАРАШЕВ

Инвестицияларды тартуу темасын уланткан депутат Руслан Казакбаев дагы, - “Министрликтер менен тиешелүү мекемелердин ортосунда инвестиция алып келүүдө баш – аламандык орун алып жаткан жокпу?” – деп суроо салды.

                         СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

“Арзан турак - жай 2015-2020" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашырылышы жөнүндөгү маселе "Ата - Мекен" фракциясында талкууланган учурда  депутат Каныбек Иманалиев, - “Кыргызстан жарды мамлекет болгондугуна карабай, дүйнөдөгү кредиттик үстөгү жогору делген өлкөлөрдүн катарында тургандыгы болбойт”, - деди.

                         СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Кычыраган кыш түшө элек болсо да, азыр мектептердеги суук бөлмөлөр окуучуларды жылуу үйдөн чыккысын келтирбей жатат. Мындай көрүнүштөрдү атаган депутат Айсулуу Мамашева бир топ мисалдарды келтирди.

                        СНХ.А.МАМАШЕВА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25-ноябрда Чүй, Ысык-Көл областтарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Зымдарга жана бак-дарактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -1...-6, Ысык-Көл:-2...-7, Нарын: 0...-5, градус суук болот. Баткен: -2...+3, Ош, Жалал-Абад: -4...+1 гралуска чейин жылыйт. Бийик тоолуу райондордо -8...-13 градус суук болот. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы -1...-3 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар