ЖАҢЫЛЫКТАР 22.11.19.

22-11-2019 08:55

Бүгүн 22 – ноябрь прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул даталык өзгөчөлүккө кайрылган Төрага Дастанбек Жумабеков парламенттеги прокуратура системасында иштеген эл өкүлдөрүнө өз куттуктоосун билдирди.

                      СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Бүгүн, 22 – ноябрда "Арзан турак-жай 2015-2020" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын ишке ашырылышы жөнүндөгү маселе "Ата - Мекен" фракциясынын олтурумунда талкууланат.

Катуу ооругандардын абалы алсызданып барат. Андан акча жасоого жол берилбеши керек. Себеби, ар кандай жаныбарлардын канынан жасалган медикаменттердин сунушталып жатканы аткезчилик товарлардын агымын арбытууда, - дейт депутат Таабалды Тиллаев парламенттин кечээки олтурумунда.

                      СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Депутат Марлен Маматалиев экологиянын эс оодарган абалына кайрылып, түтүн каптаган калаа түрү калк саламаттыгына олуттуу зыян алып келип жаткандыгын айтып, чара көрүүнү өкмөттөн талап кылды.

                     СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Ошол коюланган кара түтүнгө себеп болгон эски унаалардан бөлүнгөн зыяндуу газдар, жагылып жаткан желим идиштер иретке салынбагандыктан, саламаттыктын сазайын берген көрүнүштөр көбөйүп жатат, - деп тынчсызданды депутат Уланбек Примов.

                     СНХ.У.ПРИМОВ

Азыр мектептерде колдонулуп жаткан компьютерлердин эскилиги жетип, же керектөөдөн чыгарууга жол берилбей абал арга түгөткөндөй түргө келиптир. Мындай жагдайды депутат Алмазбек Эргешов ачыктады.

                     СНХ.А.ЭРГЕШОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда кар аралаш жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот, кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -4…+1 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык - Көл: 1…6, Нарын: 0…5  градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -4…-9 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 22 – ноябрда ала булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы -1...+1 градуска  чейин жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 159

Окшош жаңылыктар