ЖАҢЫЛЫКТАР 21.11.19.

21-11-2019 09:04

Бүгүн, 21 – ноябрдагы жыйынын Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. Андан соң Кыргыз Республикасынын Социалдык, Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун 2018-жыл үчүн бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторун бекитүү тууралуу”  мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралат.  Ошондой эле аталган фонддордун 2020-жылга бюджети менен 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору  болсо 1 – окууга чынарылат.

Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына арналган парламенттик сессия өткөрдү.  Бул жагдайга кайрылган Төрага Дастанбек Жумабеков балдар укуктарын коргоодо Жогорку Кеңеш тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.

                          СНХ.Т.ЖУМАБЕКОВ

Жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорунда райондун аймагында мамлекеттик аткаруу бийлигинин уюштурулушун жана акимчиликтердин ролун бекемдөөнүн түп-тамырынан бери карап чыгууга көңүл бурулууда.  Маселени  кароодо депутат Төрөбай Зулпукаров каржылоо тепкичтеринин тартибин тактады.

                          СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Жергиликтүү кеңештердин депутаты болуу үчүн милдеттүү түрдө жогорку билимге ээ болушу керек деген талап канчалык маанилүү? Бул суроого жооп издеген депутат Зиядин Жамалдинов жасалма диплом алуу агымы арбып кетпейби, - деп тынчсызданды.

                          СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Ал эми депутат Рада Туманбаеванын пикринде жергиликтүү кеңеш депутаттары сөзсүз түрдө жогорку билимге ээ болушу кажет.

                         СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Ушул эле маселеде депутат Абдывахап Нурбаев да өз оюн ортого салып, жогорку билим тууралуу жагдай талаш жаратпашы керектигин айтып, эгер бул шарт милдеттендириле турган болсо, адам укугун чектөөгө жатып калат, - дейт.

                         СНХ.А.НУРБАЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21 - ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорго кар түшөт. Бактарга жана электр зымдарына суу кар жармашат. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-2...+3, Талас:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын:+2...+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21 - ноябрда жаан жаан жаап, кар себелейт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1…+3 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 53

Окшош жаңылыктар