Иса Омуркулов Москва шаарындагы Эл аралык конференцияга катышууда

19-11-2019 14:43

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн төрагасы, КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин чакыруусу менен Москва шаарындагы Эл аралык конференцияга катышууда.

Конференциянын темасы “КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттик кызматташуу алкагында саясий партиялардын фракция жана блокторунун өз ара кызматташуусунун ролу” деп аталат.

Конференциянын максаты фракциялар ортосунда кызматташтык боюнча тажырыйба алмашуу жана саясий партиялардын фракциялар ортосундагы байланышын өнүктүрүү жолдорун талкуулоого багытталган.

Иш чаранын алкагында Орусия парламентинин фракцияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалган.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 768