Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Парламенттик угууда токой фондусундагы кенди трансформациясыз иштетүү жана менчик жерлердин кол тийбестиги боюнча кайчы пикирлер жаралды

07-10-2016
17:32

Бүгүн, 7-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө КР мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров КР Өкмөтү тарабынан сунушталган мыйзам долбоору өткөн жылы Жогорку Кеңештин кароосуна кирип, тиешелүү процедуралардан өтүп жатканда мыйзам долбоору боюнча коомчулукта ар кандай сунуш-пикирлер түшө баштаганда мыйзам долбоорун дагы дыкат карап, талкуулоо максатында 2-окуунун режимине кайтаруу, парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын эске салды.

Парламенттик угууда КР юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева мыйзам долбоорун чечмелеп берди. Анын маалыматына ылайык, азыркы учурда жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которуу тармагындагы мыйзамдарда баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге, ошондой эле башка түрдөгү айыл чарба жерлерин башка түргө которуу боюнча атайын мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары тууралуу жоболор жок. Сунушталган долбоор менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын тактоо жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу, карама-каршылыктарды жоюу боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ошону менен катар Жер кодексинин жоболорун КР Конституциясына ылайык келтирилүүдө.

Талкуунун өзөгүн токой фондусундагы жерлерден кен чыкса ал жерди инвесторлорго трансформациясыз берүү маселеси менен жарандардын менчигине кайтарымсыз берилген жерлерди алып коюу же сатып алуу маселеси түздү.

Талкуу жүрүшүндө Калича Умралиева баштаган “Наше право” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү өз жүйөлөрүн келтирүү менен мыйзам долбоорунда элдин кызыкчылыгына дал келбеген ченемдер бар экенин белгилешти. Ал эми “Демилгечилер тобу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү мыйзам долбоору кабыл алынса байлар дагы байып, кедейлер дагы кедейленет деген пикирлери менен мыйзам долбоорун таптакыр эле четке кагуу сунушу менен чыгышты.

Депутат Кожобек Рыспаев экономиканы көтөрүү максатында инвестициялык климат түзүү зарылдыгын, алар үчүн инвесторлор үчүн документ топтоо иштерин татаалдаштырып, кыйноо болбошу керектигин айтып, кен казылып бүткөндөн кийин иштеткен компания тарабынан ал жер рекультивацияланаары мыйзамда көрсөтүлгөндүгүн ачыктады. Ал бул багыттагы түзөтүүлөрдү колдоорун айтты. Ал эми депутат Дастан Жумабеков өз жүйөөлөрү менен бул ченемге каршы пикирин ортого салды.

Жер кодексиндеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине кайтарымсыз берилген жер тилкеси алынышы же сатылып алынышы мүмкүн деген ченемдин киргизилишине парламенттик угуунун көптөгөн катышуучулары Башмыйзамдагы жеке менчик кол тийбестигине доо кетип жаткандыгын айтып чыгышты.

Тиешелүү мыйзамдагы мамлекеттик жана муниципиалдык менчиктин жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогу обьект эксплуатациялоого киргизилгенге чейин куруучу тарабынан жеке менчикке сатылып алынышы керек деген ченемдин алынып салынышына каршылыгын депутат Мирлан Жээнчороев айтып чыкты. Мындай каршылыкты колдогон Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары дагы муниципиалитетке бул ченем абдан зарылдыгын түшүндүрүп беришти. Мындай пикирге “Наше право” коомдук бирикмеси, дагы башкалар дагы кошулду.

Депутат Уланбек Примов сунушталган долбоор менен бир топ мыйзамдарга түзөтүү сунушталып, экономикалык жагдайдагы алга жылуулар жайлап жаткандыгын айтып, андан чыгуунун жолу катары бул мыйзам долбоорун 2 башка долбоор менен киргизүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров инвесторлорду чочутпай ошол эле маалда токой чарбасындагы жерлер кыскарбагандай кылып, компромистик вариант табуу керектигин айтты. Ошондой эле менчик колтийбестиги Башмыйзамда жазылгандыгын баса белгиледи. Парламенттик угууда айтылган сунуш-пикирлер иликтенип, мыйзам долбоорун комитетте 2-окууда кароодо эске алынаарын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору негизинен жактырылып, андагы талашка түшкөн беренелер боюнча сунуш-пикирлер 2-окуудагы талкууда эске алуу боюнча сунуштама кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жерди пайдалануу чөйрөсүндө төмөнкү мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилүүдө:

- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси:

- Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзам;

- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам;

- «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзам;

- «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзам;

- «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзам;

- «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы