Белгилүү мамлекеттик-саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

06-11-2019 12:39

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар белгилүү мамлекеттик-саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналып, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулган  салтанаттуу иш-чарага катышты. Ошондой эле маарекелик аземге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, бир катар маданият өкүлдөрү да барды.

Алгач улуу инсандын өмүр жолун, мамлекеттик ишмердүүлүгүн чагылдырган тасма тартууланып, анын жасаган иштери, кылган эмгеги даңазаланды. Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгиледи..

Белгилей кетсек, быйыл Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча тийиштүү буйрукка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында маарекелик иш-чаралар өтүүдө. Жакында эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Ош шаарында уюштурулган илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып келген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

  

Көрүүлөрдүн саны : 2151

Окшош жаңылыктар