Нарын шаарында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

06-11-2019 12:23

Адегенде Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүл жолуна арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Тарыхты өзгөрткөн тарыхый инсан» аттуу илимий-практикалык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү окумуштуулар, коомчулуктун өкүлчүлүгү катышты. Улуу инсандын кыргыз мамлекетинин мамлекет катары түптөлүшүнө опол-тоодой эмгек өтөгөнү туурасында кеңири сөз болду.

Башкасын айтпаганда да облустун губернатору Эмилбек Алымкуловдун сөзүндө белгиленген Нарын облусунун аймагында эле Куланак, Он-Арча, Кажырты каналдары, Орто-Токой суу сактагычы, Ат-Башы ГЭСи, жүздөгөн социалдык обьектилер курулган. Жолдор салынып, миңдеген сарайлар курулуп, пайдаланууга берилген.

Чынын айтканда Исхак Раззаков менен Турдакун Усубалиевди бири-бирине карама-каршы койгон, Турдакун Усубалиевдин бейнесине көлөкө түшүргөн пикирлер пайда боло калып жүргөн. Исхак Раззаковдун кызы өз интервьюсунда мына ушул маселе боюнча атасынын пикирин ачыкка чыгарган.Бул туурасында сөз кылган Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бул эки улуу инсан бири-бирин колдоп, ага-инидей бири-бири менен сыймыктанып келгенин айтып, айрым бир ушак-айың менен саясат жараткысы келип жүргөндөрдүн жаман оюна чекит койду.

Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер, депутат, өз элинин патриоту катары  Турдакун Усубалиевдин улуулугу, инсандык бийик сапаттары, талбаган эмгеги, келечекти көрө билген көсөмдүгү тарыхый фактылар менен ачып берилди.

Табигый тазалыгы, эмгекчилдиги менен тарых жараткан залкар инсандын 100 жылдыгына арналган иш-чаранын экинчи бөлүгү Турдакун Усубалиевдин ысмы ыйгарылган Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөрүлдү. Адегенде премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары, ардагерлер Турдакун Усубалиевдин айкелин ачып, гүл коюп таазим этишти.

Эл-жери үчүн эбегейсиз эмгек өтөгөн улуу инсандарды даңазалоо ыйык милдетибиз экенин белгилеген өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев нарындыктарды улуу инсандын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Турдакун Усубалиев жетектеген чейрек кылым ичинде Кыргызстан эл чарбасынын кайсыл кана тармагында болбосун зор ийгиликтерге жетишкен. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Турдакун Усубалиевге «Бишкек шаарынын архитектору» деп таасын баа бергени депутат Иса Өмүркулов тарабынан белгиленди.

Аталган иш чара Турдакун Усубалиевдин өмүр жолунун урунттуу учурларын камтыган театрлаштырылган сцена менен коштолуп, ыр күүлөр жаңырып, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, өмүрү өрнөк улуу инсандын 100 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз элинин улуу уулу Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Алмазбек Баатырбеков, Алиярбек Абжалиев, Канат Керезбеков, Жыргалбек Турускулов катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1014

Окшош жаңылыктар