«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр менен коррупцияга бөгөт коюлат

06-11-2019 12:18

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга үстүбүстөгү жылдын июнь айында депутаттар тарабынан өзгөртүүлөр менентолуктоолор киргизилген. Бул боюнча 6 айдын ичинде КР Каржы министрлиги баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдар мыйзамдын иштеп кетүүсүн шарттай турган токтомдор менен жоболорду иштеп чыгууга тийиш болчу. Бирок, бул жагдайдан алганда эскини эңсеп, иштин жылуусуна мүчүлүштүк жаратуу аракеттери да бар.

Ошондон улам мыйзамдын аткарылышы боюнча бул багытта түздөн-түз иштеп жаткан адистерди, эксперттерди, тиешелүү адамдарды чакыруу менен жыйын өткөрүлдү. Азыр деле көзөмөлдөө органдары үнөмдөөгө басым жасап жатканы айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Марлен Маматалиевдин пикирине караганда, бул мыйзам арзан, ошол эле учурда сапаттуу товарларды сатып алууга негиз түзөт. Биринчи алына турган товардын сапаты аныкталып, андан кийин кана анын баасы көрсөтүлөт. Мындай ыкма товардын баасын арзандатып, сапатын кана жакшыртпастан, кайсы бир фирманын кызыкчылыгын коргогон коррупциялык аракеттерге дагы бөгөт коет.

Жыйынга катышкандардын айтканына караганда тендерге катышкандардын акчасын которуп берүүгө келгенде маселе жаралган учурлар бар. Акчасын убагында которуп бербей, «шапкесин» үмүт этип отурган жагдайлар дагы деле бар экени ачык белгиленди.

Атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо мыйзамдын дагы бир өзгөчөлүгү десек болот. Антпесе, жылыга 70 млрддан ашык сом сыртка чыгып кетет. Эч болбосо ушул акчанын тең жарымын атамекендик өндүрүшчүлөрдүн товарын алууга жумшасак өндүрүштүн өнүгүшүнө өбөлгө болмок.

Буга чейин өздөрү каалаган фирма утпай калса тендердин жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра тендер жарыялоо адатка айланып кеткен болчу. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр болсо мындай шылуундукка бөгөт коет. Ошентип, жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы талкууга алынып, анын артыкчылык жактары белгиленип, мындан ары да бышыктоо боюнча сунуштар айтылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 815

Окшош жаңылыктар