Жогорку Кеӊеш Төрагасынын орун басары А.Касымалиева Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаарындагы ЖМК өкүлдөрүн куттуктады

06-11-2019 12:09

Жогорку Кеӊештин вице-спикери Аида Касымалиева алдыдагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаарында жалпыга маалымлоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүн куттуктады. Эл өкүлү өзү дагы бул тармакта бир нече жыл эмгектенип келгендигин айтып, журналисттер коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө чоӊ салым кошорун, алардын жазган маалыматтары коомду өзгөртө аларын баса белгиледи. «Калемгерлер ак-караны ылгап, жеткиликтүү, так маалыматтарды жайылтуу менен мамлекеттин өнүүгүүсүнө салым кошуусу эч нерсеге алмаштыргыс жоопкерчиликтүү милдет»,- дейт ал. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары бир катар ЖМК өкүлдөрүнө Жогорку Кеӊештин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Жогорку Кеӊеш депутаттары Аида Касымалиева менен Сагындык Келдибаев шайлоочулар менен жолугушуулардыг алкагында Кысык-Алма орто мектебинин абалын жеринде көрүштү. Мектеп директору Жолборсбек Ташиевдин айтымында, мектептин курулуш иштери 2014-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы 32 млн 700 миӊ сомго бааланып, депутат Аида Касымалиеванын көмөгү менен буга чейин 18 млн сом , быйыл 3 млн бөлүнүп берилген. Дагы ишти толугу менен бүтүрүүгө  15 млн сом керектелмекчи. 5 млн сому мектепти толугу менен куруп бүтүүгө жумшалса, 10 млн спорт залын салууга эсептелген. Билим, тарбия, ден-соолукту чыӊдоо  баарынан бийик турарын белгилеген депутат Аида Касымалиева каражатты толугу менен мектепке жумшап, келерки жылы колдонууга берүү зарылдыгын айтты. Анан акырындап спорт залын бүтүрсө туура болоорун билдирди. Ал эми депутат Сагындык Келдибаев каражат колго тийгенден кийин мектепти  сапаттуу салууга кылдат көӊүл бөлүү керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, иш сапарда эл өкүлдөрү 2019-жылга карата республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражатына аткарылып жаткан жумуштар менен таанышып, жол, мектептердин курулуштары, айылдарга таза суу жеткирүү иштеринин жүрүшүн көрүп, кээ бир кемчиликтерди жоюу маселелерин аткаруу бийлигинин алдына тапшырды.

Андан соӊ эл өкүлү А.Касымалиева Куршаб айылынын жаш үй-бүлөдө төрөлгөн үч эмден кабар алды. Жаш үй-бүлө менен ымыркайларга ден-соолук жана жаркын келечек каалады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1886

Окшош жаңылыктар