Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева бүгүн, 29-октябрда Германиянын Конрад Аденауэр атындагы фондунун Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне менен жолугушуп, кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.
Вице-спикер Конрад Аденауэр атындагы фонд узак жылдардан бери Кыргызстанда ийгиликтүү иш алпарып жатканын баса белгилеп, мейманга кыргыз парламентинин иши тууралуу учкай маалымат берди. «Герман фонддорунун топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө кызыктуу. Келерки жылы парламенттик шайлоо өтөт. Ошондон улам, саясий абал азыртан эле жандана баштады. Коомчулук арасында айрыкча шайлоо босогосу кыйла кызуу талкуу жаратып жатат. Депутаттар тобу 9 пайыздык шайлоо босогосун төмөндөтүү демилгесин көтөрүүдө», - деди Аида Касымалиева.
Депутат Жогорку Кеңеште көп жылдардан бери Айым-депутаттар форуму такай иш алпарып, аялдар квотасы, үй-бүлөдөгү зомбулук, балдарга жөлөкпул чегерүү, эрте никеге туруу, гендердик теңчилик сындуу бир катар социалдык маселелерди көтөрүп келатканын айтты. «Өзгөчө парламенттик шайлоолордо аялдарга атайын квота белгилөө маселеси байма-бай көтөрүлүүдө. Азырынча жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 30 пайыздык квота берүү маселеси чечилди. Ал эми парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча өтө тургандыктан, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган аялдардын мандаты аялдарга берилмей болду», - деп кошумчалады ал.
Ал эми Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне Кыргызстандай эле Германия дагы парламенттик өлкө экенин эске салып, өлкө экономикасынын өсүү ыргагы парламентаризмге таяна турганын айтты. «Биз парламенттер аралык алакаларды арттырып, депутаттар үчүн ырааттуу иш сапарларды уюштуруп турушубуз керек. Коомчулукка парламентаризмдин артыкчылыктуу жактарын тааныштырууну да колго алууга тийишпиз. Ырас, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди жалгыздап чечүү кыйын. Сиздер сунуштамаларыңарды берсеңер, биз аларды кылдат иликтеп чыгып, эксперттер менен адистер жагынан жардам бере алабыз. Депутаттар менен аппарат кызматкерлери үчүн мастер класстар, трениг сындуу иш-чараларды биргелешип өткөрсөк болот», - деп кошумчалады ал.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы