Депутат Марлен Маматалиев: «Камера коюлбаган жерлердеги жол эрежелерин бузууларда атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгуу менен жагдайдан чыкса болот»

31-10-2019 11:16

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында эл өкүлдөрү санариптештирүү тармагын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти.

Депутат Марлен Маматалиев «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, андан натыйжа чыгып жатканына токтолду. Ошону менен катар депутат камера коюлбаган жерлерде МАИ кызматкерлери иши ар кандай жагымсыз аракеттер менен коштолуп жатканын баса белгиледи. Мындай жагдайдан чыгуунун жолу катары М.Маматалиев жол эрежесин бузган фактыларды мабилдик телефон менен фото- фиксация кылып, электрондук түрдө базага киргизүү боюнча атайын мобилдик телефонго тиркеме иштеп чыгууну сунуш кылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мындай мобилдик тиркемени патрулдук милиция кызматкерлери дагы колдонсо болот. «Эгер тиркеме иштеп чыгууда каржылык маселе чыкса, мен мындай тиркемени иштеп чыгууну жеке өзүм колго алам. Бул эртеӊки кыргыз милициясынын 95 жылдыгына өзүнчө бир белек болсун»,- дейт М.Маматалиев.

Санариптештирүүнүн алкагын кеӊири жайылтуу жагына депутат Махабат Мавлянова дагы токтолду. Ал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек-мигранттарыбыздын – мекендештерибиздин айдоочу күбөлүгү сыяктуу документтерин жоготуп алып, кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. Депутат санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен жоготуп алган документтерин аралыктан калыбына келтирип берүүнү сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 279

Окшош жаңылыктар