Депутат Бакыт Төрөбаев: «Баткендеги дарыгерлердин иш таштоосу - бийлик бутактарына кагылган коӊгуроо»

31-10-2019 10:54

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында эл өкүлдөрү медицина тармагында көтөрүлүп жаткан көйгөйлөрдүн чечилишин Өкмөттүн астына коюшту.

Депутат Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлериин 92%ы иш ташташкандыгына токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган «коӊгуроо» экендигин баса белгиледи. «Бул керек болсо улуттук коопсуздукка шек келтирет»,- деген депутат алардын жазган арыздарында айлык маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эӊ башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көӊүл бурду. Эл өкүлү бул жагдай Баткенде ачык көтөрүлгөнү менен өлкөнүн башка аймактарында дагы курч турганын баса белгиледи.

Депутат Бакыт Төрөбаев медицинага жаӊы технологияларды алып келүү, бул тармакка илимий мамиле жасоо сыяктуу жаӊычыл иштер жүрбөй жатканын билдирип: «Аткаруу бийлиги медицина жаатында саясатты туура жүргүзө албай жатат», - дейт. Ошону менен катар Б.Төрөбаев республика боюнча саламаттыкты сактоодо жүрөк – кан тамырлар оорулары, өпкө, рак, кант диабети оорулары күч алып жатканын, эми депрессия менен жабыркагандардын саны көбөйгөнүн кошумчалады.

Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова дарыгерлердин ишине тоскоол болуп, аларды жөнү жок эле сөгүп-сагып, кадыр-баркына шек келтирген, ал тургай кол көтөргөн фактылар бара-бара көбөйүп жатканына тынчсызданды. Эл өкүлү медицина кызматкерлерин укуктук жактан коргоого мезгил жеткенин айтып, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Ж.Мусабекова Орусияда дарыгерлердин кадыр баркына шек келтиргендерге 10 миӊ рубль айыппул салынаарын, ал эми кол көтөрүп, денесине залал келтирсе кылмыш жообуна тартылаарын мисал көлтирди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 205

Окшош жаңылыктар