Электр энергетикасына жумшалган насыяларды кайтаруунун ири суммасы 2027 – жылга туура келет

30-10-2019 14:28

Жеңилдетилген 700 кВт/сааттык ченем электр энергетикасын колдонуучулардын дээрлик 85%ы үчүн жетиштүүлүк кылат. Бул тууралуу тиешелүү тармактын маалыматтарына таянуу менен  ой бөлүшүп, ЖК депутаты Кожобек Рыспаев бүгүн, 30 – октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. 

Алынган насыялар менен гранттык каражаттардын бир топ бөлүгү электр энергетикасынын муктаждыктарын жабууга жумшалууда. Алар менен кайрадан эсептешүүгө келгенде эң жогорку суммаларды кайтаруу 2027 – жылга туура келет, - дейт эл өкүлү.

Суунун топтолушу азырынча ири Токтогул ГЭСиндеги ишти тоскоолдукка учуратпайт, - деген депутат, - CASA – 1000 долбоорунун алкагындагы аткарылып жаткан иштердин ыргагынан да кабардар кылды. Айтылгандарга караганда, аталган долбоордун талаптары бир аз кечеңдөө менен жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.  

 

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 197

Окшош жаңылыктар