Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев: «Сот-укуктук реформада радикалдуу кадам жасалды, бул кадамды токтотпой улантуу зарыл»

25-10-2019
13:04

Бүгүн, 25-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында “КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган сот-укуктук  реформанын  алкагында, жаңы кодекстерди жана  мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук   коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле КР Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин жана Соттор кеңешинин ишмердүүлүгү каралды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаӊы кодекстердин жүзөгө ашырылышы боюнча күч органдарынын жана сот бийлигинин жетекчилери менен бир аянтчага чогулуп, жасалып жаткан иштерди коомчулукка жеткирүү максатында талкуу уюштурулуп жаткандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар Б.Төрөбаев Жогорку Кеӊеш сот реформасынын көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында да иш алпарарын эске салып, жыйынга Жогорку Соттун бир да өкүлү келбегендигине нааразычылыгын билдирди.

Жыйында КР ИИМ министри Кашкар Жунушалиев баштаган күч органдары соттук реформанын алкагында кабыл алынган жаӊы кодексттерди ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти. К.Жунушалиев ИИМде 2 этаптагы оптимизация иштери жүргүзүлүп, борбордук аппараттан кызматкерлери кыскартылып, алар министрликтин жер-жерлердеги түзүмдөрүнө берилип, күчтөндүрүлүп жаткандыгын маалымдады. Ошону менен катар Жоруктар баштаган жаӊы кодекстер боюнча окутуулар жүрүп жатканын кошумчалады.

Жыйынга чакырылган КР Адвакатура кеӊешинин мүчөсү Чолпон Темирбаева жаӊы кодекстерде адвокаттардын укуктук статусу так белгиленбей калгандыгын, адвокаттардын прокурорлорго каршы көрсөтүлгөндөй так эместиктер орун алгандыгын айтып, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Депутат Тынчтык Шайназаров жаӊы кодекстер боюнча күч органдарынан жүздөгөн сунуштар болуп жатканын тактап, тергөөчүлөрдүн өндүрүштөгү ишинин көлөмү эселеп көбөйгөндүгүнөн улам кошумча штат маселесин чечүү максатка ылайыктуу дейт. Мындай пикирди улаган КР Башкы прокуратурасынын өкүлү Б.Бейшекеев бир прокурорго бир айда 236 ишти окууга туура келип жатканын, штат маселеси боюнча КР Өкмөтүнө кат менен кайрылышканын айтты.

Жыйынга катышып жаткан жаӊы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобунун мүчөсү Тахмина Ашыралиева кодекстер боюнча келип жаткан сунуштардын жарымы техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр экенин, бир топ түзөтүүлөр эски кодекстеги ченемдерди кайра башка өӊүттөн киргизүү аракеттери болуп жатканын чечмелеп берди. Депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосунан кийин күч органдарынын жетекчилери сот реформасынын алкагында күчүнө кирген кодекстер, эӊ негизгиси, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жакшы өбөлгө болуп жатканын баса белгилешти.

Жыйынды корутундулаган фракция лидери Б.Төрөбаев сот-укуктук реформада радикалдуу кадам жасалганын, бул кадамды токтотпой улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал мындай талкууларды байма-бай өткөрүү менен сот-укуктук реформаны ийгиликтүү жүзөгө ашырууга салым кошулаарын кошумчалады.

Соӊунда КР Өкмөтүнө күч органдары тарабынан берилген сунуштардын негизинде тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү алып келүү, келерки жылдын бюджет долбоору каралганга чейин тергөөчүлөр боюнча кошумча штат маселесин чечүү, сот практикасын жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы