ЖАҢЫЛЫКТАР 25.10.19.

25-10-2019 09:07

Бүгүн, 25 – октябрдагы КСДП фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угулат. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров баштаган бир катар министрликтердин жетекчилери  чакырылды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган сот-укуктук  реформанын  алкагында, жаңы кодекстерди жана  мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук   коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин жана Соттор кеңешинин ишмердүүлүгүн кароо” маселеси “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын бүгүнкү, 25 – октябрдагы олтурумунда талданат. Жыйынга КР Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков  баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Чет элдик студенттер үчүн Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда окуунун жылдык келишимдик наркы 120-150 миӊ сомду түзүүдө. Бул жагдайга кайрылган депутат Аида Исмаилова, -“Ошол жеке медициналык окуу жайлар тиешелүү салыктарды толук төлөбөй жаткандыгы көмүскөдө калбаш керек”, - дейт.

                     СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Видеокамераларды «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда бир гана жол коопсуздугун сактоого эле багыттабастан, жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алгыдай кылып орнотуу зарыл. Ошондо көптөгөн кылмыштардын бети ачылмак, - дейт депутат Бакирдин Субанбеков.

                    СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Кышы катаал райондордун тургундары үчүн от жагуу маалында электр кубаты боюнча 77 тыйындан төлөнүүчү 1000 кВттык жеӊилдикти 2000 кВтка чейин көтөрүүгө  Өкмөттү чакырган депутат Жылдыз Мусабекова болду.

                   СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Депутат Орозбек Алыбаев, - «Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда», - дейт парламенттин кечээки жыйынында. Ошондуктан, андай борборлорду рекламалоого тыюу салуу зарыл, - деп кошумчалады эл өкүлү.

                  СНХ.О.АЛЫБАЕВ  

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25 - октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:15...20, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 19…24; Ысык-Көл:13...18, Нарын: 10…15  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  25 – октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 18…20 градус жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 38

Окшош жаңылыктар